Азирет Кенжалиев International Olympiad in Informatics олимпиадасында коло медалга ээ болду.

2016-жылдын 12-19-августа Татарстандын Казань шаарында информатика боюнча Эл аралык International Olympiad in Informatics олимпиадасы болуп өттү. Олимпиадага дүйнөнүн 72 өлкөсүнөн 314 окуучулар катышты.

 Кыргызстандан барган команданы “Себат” эл аралык билим берүү мекемесинин 4 окуучусу: Жусубалиев Амангелди, Касымов Арсен, Кенжалиев Азирет жана Бекболотов Болот түздү. Эки турдун жыйынтыгы боюнча Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы лицейдин окуучусу Азирет Кенжалиев коло медалга татыктуу болуду.

Бул эл аралык информатика предмети боюнча олимпиада (International Olympiad in Informatics) 1989- жылдан баштап жыл сайын өткөрүлүп келет. Катышуучу өлкө 4 окуучудан турган командасы жана 2 жетекчиси менен катышууга укуктуу. Бул олимпиада түрдүү мамлекеттердин окуучуларынын арасында информаткиа предметин билүү жана анын ыкмаларын колдонуу жөндөмдөрүн аныктоо боюнча өткөрүлүп келет.

0
0
0
s2sdefault

  

 

 

 

Дарек

 

Биздин Дарек

Кыргыз Республикасы,

Бишкек ш., индекс 720001,
Чүй пр., 219, 6-кабат
Тел: (312) 611362
Факс: (312) 611363