Англис тили жумалыгы

 Программада белгиленген сабактар кызыктуу, ар тараптуу өтүлдү. Балдар жарышып кана тим болбостон анлис тили предмети боюнча билимдерин көрсөтө алышты.

Алардын ой жүгүртүүсү, байкагычтыгы, тапкычтыгы калыптанды.  Ар бир класс дубал газеталарды чыгарышты. Ар кандай оюндар мугалимдер жана окуучулар арасында жүргүзүлдү. Окуучулардын арасында англис тилине болгон кызыгуу өстү десек болот. Себеби драмалык чыгармаларды аткарууда окуучулардын активдүүлүгү байкалды. Мектептин мүдүрү Тешебаев Автандил агайыбыз атайын уюштурулган жарманкеге катышып, өзүнүн ыраазычылыгын билдирди. Жумалыктын аягы жыйынтыктоочу концерт менен аяктады. Концертке ата-энелер да келишти. Активдүү катышкан окуучуларга мактоо баракчалары, ар түрдүү белектер тапшырылды.

0
0
0
s2sdefault