Балдардан жардамыңды аяба

 «Көп түкүрсө көл болот» дегендей, мектептин өзүн-өзү башкаруу уюмунун жана ата-энелер комитетинин демилгеси менен өткөрүлгөн

«Балдардан жардамыңды аяба» аттуу кайрымдуулук акциясынан түшкөн каражат «Учкун» кичи районундагы кароосуз калган балдар үйүнүн бираз да болсо муктаждыгын жапкандай болду. Окуучулар, мугалимдер, ата-энелер тарабынан чогултулган 34800 сом өлчөмүндөгү каражатка муздаткыч, эт майдалагыч жана тазалагыч каражаттары сатылып алынып, балдар үйүнө тапшырылды.

          Кайдыгер калбаган бардык окуучуларга, ата-энелерге терең ыраазычылык билдиребиз!

0
0
0
s2sdefault