Математика жана информатика жумалыгы

(29.02.2016 – 04.03.2016)

27.02.2016- 1-кабат кооздолуп, афишалар асылды.

 

  • Оюндар көргөзмөсү 3 күн бою өткөрүлдү. Кружокко катышкан балдар окуучуларга логикалык оюндардын ойноо ыкмасын  көрсөтүп жатышты.
  • Робот көргөзмөсү уюштурулуп, балдардын купулуна толду.
  • Математикалык жана логикалык видео оюндар өткөрүлдү.
  • 4-класстар арасында домино оюну уюштурулду. Окуучулар активдүү катышып, 1-орунду 4-А классына берилди.
  • 5-класстардын арасында машина жасоо жарышы өткөрүлүп, 6 окуучу өз колу менен машина жасап, жарыштырышты. 1-орунду 5-А классынын окуучусу Балтабаев Билал ээледи.
  • Математикалык футболка жасоо конкурсу өттү. 1-6 класстардын окуучулары өздөрү жасап келген футболкаларды 1 жума бою кийишти. 
  • 4-класстар арасында "Жашоодогу үлүштөр", 5-класстар арасында "Жашообуздагы бөлчөктөр» жана 6-класстар арасында  "Жашообуздагы ондук бөлчөктөр" темасында дубал газета конкурсу өттү. 4-класстардан 4-В, 5-класстардан 5-В жана 6-класстардан 6-В классы жеңүүчү болду.
  • Компьютер макетин жасоо жана оригами конкурсу өттү. Жеңүүчүлөргө белектер ыйгарылды.
  • "Эң узун кагазды ким кыркат" конкурсу өттү. Окуучулар активдүү катышышты.
  • 6-класстардан 6 топ түзүлүп "Амалдар таймашы" конкурсу өттү. Жеңүүчүсү "Пифагор" командасы болду  
0
0
0
s2sdefault